КНАУФ нымга туруктуу супербарагы (ГВЛВ) – жогорку тыгыздыктагы бир тектүү материал. Ал гипс байланыштыргычы менен майдаланган макулатура буласынын аралашмасын престөө жолу менен даярдалат.
Кургак, нормалдуу жана нымдуу пайдалануу режими бар имараттарда жана жайларда, анын ичинде жылытылбаган жайларда, үн изоляциялоочу, өрткө туруктуу жана соккуга туруктуу конструкцияларда колдонулат. Барактын алдыңкы бети гидрофобдук курам менен иштетилген. Ошондой эле конструкцияларды өрткөн коргоо материалы катары пайдаланылат. ГВЛВ колдонуу «нымдуу» процесстерди жокко чыгарып, оңдоо жана жасалгалоо иштеринин мөөнөтүн кыскартууга мүмкүндүк берет.
Кыр түрлөрү: ПК — түз кыр; ФК — фальцтуу кыр.
КНАУФ нымга туруктуу супербарактары (ГВЛВ) кургак, нормалдуу жана нымдуу пайдалануу режими бар имараттарда жана жайларда, анын ичинде жылытылбаган жайларда, жогорку бекемдиктеги ички тосмолорду, асма шыптарды жана дубал каптамаларын орнотуу үчүн колдонулат.
Монтаждын негизги этаптары: КНАУФтун нымга туруктуу супербарактарынан жасалуучу конструкциянын долбоордук ордун белгилөө; КНАУФ профилдеринен каркас орнотуу; КНАУФтун нымга туруктуу супербарактарын каркаска орнотуу жана бекитүү; Барактардын ортосундагы тигиштерди жана бурамалардын оюктарын КНАУФ-Фуген шпаклевкасы менен толтуруу; Жасалгалоочу жабуулар алдында бетти грунттоо.
Монтаждоо иштери жасалгалоо иштеринин жүрүшүндө (кыш мезгилинде жылытуу иштеп турган учурда), таза полдор төшөлө электе, бардык «нымдуу» иштер аяктагандан кийин жана электр менен сантехникалык системалар орнотулгандан соң, кургак же нормалдуу нымдуулук шарттарында жүргүзүлүшү керек.
Монтаждоонун алдында КНАУФтун нымга туруктуу супербарактары сөзсүз түрдө бөлмөнүн шарттарына көндүрүлүшү (акклиматизациядан өтүшү) керек.
КНАУФтун нымга туруктуу супербарактарынын кырлары тик бурчтуу формада болот. Монтаж учурунда барактардын ортосунда 5–7 мм ажырым калтыруу зарыл. Шпаклевка сүйкөлөрдөн мурда тигиштерди сөзсүз грунттоо керек.
Узундугу: 2500 мм, 1200 мм. Туурасы: 1200 мм. Калыңдыгы: 10 мм, 12,5 мм.
1 м² салмагы: болжол менен 11,9 кг (10,0 мм); болжол менен 15,0 кг (12,5 мм).